Өкмөт ломбарддардын ишин уюштуруунун жаңы талаптарын бекиттиМанас шаарында “Фуркан” диний кыймылынын 20 мүчөсү кармалдыТоолуу райондорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтБишкекте Кыргызстан менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Эмне талкууланып жатат?Бишкекте жеке менчик автомектептин жетекчиси бир айга камалдыОш облустук төрөт стационары 87,9 млн сомго капиталдык оңдоодон өттү
Кыргызстанда каттоо жана паспорт берүү эрежелери жөнөкөйлөтүлдү
29.01.2026 | 11:38
«КЫЗМАТ» ММси жарандар үчүн административдик жол-жоболорду олуттуу түрдө жөнөкөйлөткөн Министрлер кабинетинин №856 токтому күчүнө киргенин маалымдайт. 2026-жылдын 23-январынан тартып Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) ишинде жана документтештирүү тутумдарында бир катар өзгөртүүлөр ишке ашырылды.
Негизги жаңылыктар:
- Балдар паспорттору: 16 жашка чейинки адамдар үчүн жалпы жарандык паспорт алууда жашаган жери боюнча катталгандыгы тууралуу маалымкат (прописка) талап кылынбайт.
- Санариптик нотариат: балага документ берүүгө карата келбей калган ата-энесинин макулдугу эми КТБ кызматкерлери тарабынан «Электрондук нотариат» тутуму аркылуу уникалдуу код боюнча электрондук форматта текшерилет.
- Аралыктан каттоодон чыгаруу: нотариалдык ишеним каттын негизинде жарандарды жашаган жери боюнча каттоодон чыгарууга уруксат берилди, буга чейин бул үчүн жарандын өзүнүн келиши талап кылынчу.
- Улутун өзгөртүү: ID-картаны алмаштырууда жаңы мыйзамдуу негиз — ата-энесинин биринин улутуна ылайык улуту тууралуу маалыматтарды оңдоо киргизилди.