Депутат Эрулан Кокулов журналисттерди сатылган, «буйрутма макалаларды» чыгарат деп айыптады

Бүгүн, 29-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов бир катар ЖМКларды кескин сындап, журналисттер акчага иштеп, «контракт» менен материал чыгарат деп доомат койду. Ал бул боюнча текшерүү жүргүзүүнү талап кылды.
Кокулов “Аврора” санаториясындагы санитариялык абал боюнча тарткан видеосу тууралуу айтып жатып, анын катышуусундагы видеолор комментарий суралбастан таралып жатканын айтып нааразы болду. Ошондой эле өзүнүн журналисттик тажрыйбасын эске салып, «Не Сахар» долбоорунда мыйзамдарды сактаганын, ошондуктан бир жолу да соттолбогонун айтты.
“Кайсы арыңар менен биз мындайбыз, биз укмушпуз деп жүрөсүңөр? Бир нерсе десе эле “сөз эркиндиги”, анан кийин “сүйлөтпөй жатат бизди, минтип жатат, тигинтип жатат” дейсиңер. Сүйлөтпөйт да мыйзамды бузуп жатсаңар. Акча алып, бирөөнү мактап, бирөөнү жамандап жүрсөңөр соттолосуңар, албетте”- деп айтты.
Депутат 24.kg, «Кактус Медиа», «Алка Медиа» жана блогер Санжар Калматайды атап, алардын ишин текшерүүнү суранды.