«Кыргызы РУДН» КВНдин Жогорку лигасына жолдомо алды
«Кыргызы РУДН» командасы 2026-жылкы КВНдин (Шайырлар жана тапкычтар клубу) Жогорку лигасынын катышуучуларынын катарына кирди. Бул тууралуу лиганын курамы аныкталган Сочи шаарындагы 37-Эл аралык КВН командаларынын фестивалынын жыйынтыгы менен Клубдун расмий каналында маалымдалды. Жаңы сезонго жалпысынан 20 команда тандалып алынган.
Буга чейин аталган жамаат Москва жана Москва облусунун Борбордук лигасынын чемпиону титулун жеңип, ошондой эле «Шаарлар лигасынын» (Лига городов) финалисти болгон. Өткөн сезондо команда Жогорку лиганын жарым финалына чейин жеткен. «Кыргызы РУДН» тобунун капитаны — Куштарбек Кыялбек уулу.
Мындан сырткары, кыргызстандык Камилла Нуралиева КВНдеги жеке жетишкендиктери үчүн «Мыкты актриса» номинациясында Ludens сыйлыгына ээ болду.