Баткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдарБизнес ашыкча отчеттуулуктан бошотулат. Статистика системасы өзгөрөтБШКга Улан Сариевге депутаттык мандатты тапшырды
Мэр Токторбаевдин текшерүүсүнөн кийин Оштогу мектепте балдардын тамагы оңолду
30.01.2026 | 10:48

Мэр Жеңишбек Токторбаевдин текшерүүсүнөн кийин Ош шаарындагы ”Жетиген” мектебинин ашканасындагы көйгөй чечилди. Мэриянын маалыматында, мектептин ашпозчусу алмаштырылып, балдарга берилген нан, таттуу токочтор сапаттуу жана даамдуу жасала баштады.
Мэрдин орун басары Нурлан Закиров мектепке барып, окуучуларга берилип жаткан тамак-аштын сапатын кайрадан текшерген. Ал нандар байытылган ундан жасалып, балдарга ысык ботко да берилип жатканын айтты.
28-январда Оштун мэри аталган мектепке текшерүү менен барып, окуучуларга катыган жана чийки таттуу токочтор берилип жатканын көргөн. Ал бул көрүнүштү катуу сынга алып, көйгөйдү тез арада чечүүнү тапшырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом