Кореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар

14.04.2026 | 17:20

Бүгүн, 14-апрелде, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров түштүк кореялык Samsung C&T компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өз ара кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар компаниянын инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы ишмердүүлүгүн карашкан. Ошондой эле Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашкан.

Равшанбек Сабиров өлкөдөгү инвестициялык потенциал, реформалар, инвесторлорду мамлекеттик колдоо чаралары, долбоорлор жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы демилгелер тууралуу маалымат берген. Ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы бар компаниялар менен өнөктөштүккө маани берерин билдирген.

Өз кезегинде Samsung C&T компаниясынын өкүлдөрү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна катышууга кызыкдар экенин билдиришкен.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышкан.

Scroll to Top