Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
БШКга Улан Сариевге депутаттык мандатты тапшырды
14.04.2026 | 16:59

Бүгүн, 14-апрелде, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке №19 шайлоо округунан талапкер Улан Сариевге депутаттык мандатты тапшырды.
Комиссиянын маалыматында, жаңы депутатка белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.
Сариев Жогорку Кеңешке ушул жылдын 8-апрелинде мандатын өз каалоосу менен тапшырган Абдылдабек Эгембердиевдин бош калган ордуна келүүдө.
37 жаштагы Улан Сариев И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетин коммуникация системасынын байланыштары жана тармактары адистигин бүтүргөн.
2021–2023-жылдары “Ынтымак” партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат