Жети-Өгүздө окуучуларды сабаган мугалим жоопкерчиликке тартылды

28-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чырак айылында жайгашкан Т. Акун атындагы мектепте дене тарбия мугалими 8-класстын төрт окуучусуна кол көтөргөн. Бул окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБ жана Агартуу министрлиги расмий маалымат берди.
Териштирүү учурунда 30 жаштагы мугалим Ж.К. дин сабагы учурунда төрт окуучуну тактага чыгарып, кол көтөргөндүгү аныкталган. Окуя боюнча окуучулардын биринин ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган.
Кийинчерээк окуучулардын ата-энелери мугалимге карата арыз-доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Мугалим Укук бузуулар жөнүндө кодексинин “Уруп-сабоо” беренеси менен жоопкерчиликке тартылган.
Агартуу министрлиги бул көрүнүштү балдарга карата жасалган зомбулук жана педагогикалык этиканын одоно бузулушу катары баалады. Учурда министрлик Ички иштер министрлиги менен биргеликте окуянын жагдайларын териштирүүнү улантууда.