Кара түтүн менен күрөш: Бишкекте мамлекеттик экотакси кызматын киргизүү талкууланды

Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу максатында мамлекеттик электрондук такси кызматын киргизүү маселеси каралууда. Ошондой эле электр унаалары үчүн кубаттоочу станциялардын тармагын өнүктүрүү пландалууда. Бул маселелер Экология жана тминистрлигинде өткөн мекемелер аралык комиссиянын жыйынында каралды.
Жыйында борбор калаада электр заряддоочу станцияларды орнотууну координациялоо үчүн Бишкек мэриясынын алдында атайын жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле экологиялык такси долбоорун ишке ашырууда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары, жыйында Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууну тездетүү, абанын сапатына байкоо жүргүзүүчү сенсорлорду модернизациялоо маселелери талкууланды. «Газпром Кыргызстан» ишканасына аймактарды жаратылыш газы менен камсыздоо иштерин ыкчамдатуу сунушталды.
Комиссия мүчөлөрү экологиялык долбоорлорду ишке ашырууда кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилешти.