Бишкекте баңгизат сатууга шектелген топ кармалды

05.02.2026 | 11:05

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизат сатуу менен алектенүүгө шектелген топту кармаганын билдирди.

Ыкчам тергөөнүн натыйжасында Токтогул районунан Бишкек шаарына баңгизат алып келген 24 жаштагы Н.у.Р., 21 жаштагы Б.Ж.М., ошондой эле 20 жаштардагы М.у.Н. жана С.у.Б. кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Алынган заттар боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалды.

Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top