Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык мамлекеттен коноктор келет

2026-жылы Кыргызстанда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык мамлекеттен спортчулар жана меймандар келери күтүлүүдө. Бул тууралууөкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өткөн жыйында билдирди.
Жыйында оюндарга даярдык көрүү маселелери, инфраструктуранын абалы жана конокторду кабыл алуу шарттары каралды. Бакыт Төрөбаев ипподромдун абалы менен таанышып, тиешелүү органдарга инфраструктураны жакшыртуу жана эл аралык стандарттарга ылайык шарттарды түзүү боюнча тапшырмаларды берди.
Маалыматка ылайык, оюндардын маданий бөлүгүнүн байге фондуна 4 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт. Иш-чаранын алкагында улуттук спорттун түрлөрү жана ат оюндарынын негизги түрлөрү өткөрүлөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Иш-чара өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга, улуттук маданиятты даңазалоого жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң салым кошот.