Бишкекте ордо боюнча биринчи жолу клубдар аралык чемпионат өтүүдөБишкектин бир бөлүгүндө газ үч күнгө өчүрүлөтАла-Бука, Базар-Коргон жана Москва райондорунун акимдери алмашты. Президент жарлыктарга кол койду«MedExpo Kyrgyzstan 2026»: Бишкекте 10дой өлкөнүн компаниялары катышкан медициналык көргөзмө ачылдыСадыр Жапаров бир катар шаарлардын мэрлерин алмаштырдыКРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлиги
Ош шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат
10.02.2026 | 12:21

Ош шаарында тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана курулат. Бул боюнча шаар мэри Жеңишбек Токторбаев жана Кытайдын «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест» компаниясынын жетекчиси Дай Дао концессиялык келишимге кол коюшту.
Завод жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны иштетүүгө жана анын негизинде электр энергиясын өндүрүүгө ылайыкталат. Ишкана экологиялык талаптарга жооп берет жана айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.
Долбоордун курулуш иштери жакынкы күндөрү башталат. Заводду 2027-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом