Иш берүүчүлөргө «Жаштар стажировкасы» аркылуу жаш адистерди тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

11.02.2026 | 14:37

Кыргызстанда иш берүүчүлөр «Жаштар стажировкасы» программасы аркылуу жаш адистерди ишке тартууга мүмкүнчүлүк алышат. Долбоор 16 жаштан 35 жашка чейинки жарандарды суроо-талап жогору кесиптер боюнча даярдоого жана ишке орноштурууга багытталган.

Программа Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылууда. «Жаштар стажировкасы» программасын жүргүзүүдө.

Программанын алкагында, катышуучулар алгач кыска мөөнөттүү окуудан өтүп, андан кийин мамлекеттик, муниципалдык же жеке ишканаларга стажировкага жөнөтүлөт. Бул механизм иш берүүчүлөргө адистерди өз муктаждыктарына ылайык даярдоого жана аларды расмий жумушка кабыл алганга чейин баалоого шарт түзөт.

  • Стажировка учурунда катышуучуларга мамлекет тарабынан айына 8 600 сом өлчөмүндө стипендия төлөнөт.
  • Окуу мезгилинде да стипендия берүү каралган.
  • Программа республиканын 30 пилоттук шаар жана районунда ишке ашырылууда.

Катышууну каалаган иш берүүчүлөр арыздарын онлайн форматта же жергиликтүү жумушка орношууга көмөктөшүү кызматтарына кайрылып тапшыра алышат.

Scroll to Top