АКШ Ирандын энергетикасын жок кылуу менен коркутууда — Трамп дагы эмнелерди айттыКыргызстандын аймактарында арзандатылган баадагы азык-түлүк жарманкелери туруктуу өткөрүлүүдөСокулукта уруксатсыз иштеп жаткан медресе аныкталды. Анда 23 өспүрүм билим алып жатканКыргызстан менен Беларусь нелегалдарды кайтаруу боюнча макулдаштыКыргызстандын ТИМи Ирандагы элчилигинин ишин убактылуу токтоттуУКМК: Токмокто уюшкан кылмыштуу топко таандык курал-жарактар сакталган жай табылды
Ошто мыйзамсыз курулуштар турган жер скверге айланды
11.02.2026 | 17:11

Бүгүн, 11-февралда Ош шаарында Монуев көчөсүн бойлой аккан Кыр-Арык (Увам) каналынын эки тарабында курулган жаңы сквер пайдаланууга берилди. Иш-чарага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы жана шаар тургундары катышты.
Мэриянын маалыматына ылайык, буга чейин аталган аймактагы мыйзамсыз курулуштар жана соода күркөлөрү алынып, каналдын жээги бошотулган. Бошотулган жерге Ош шаарынын мэринин тапшырмасы менен эс алуу жайын куруу чечими кабыл алынган.
Жаңы сквер шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана тургундардын эс алуусу үчүн шарт түзүү максатында курулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом