Балык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт

Министрлер Кабинети балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгын (КНС) нөл пайыз өлчөмүндө колдонуу мөөнөтүн 2028-жылга чейин узартты.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, тиешелүү өзгөртүүлөр «Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомго киргизилди.
Жаңы чечимге ылайык, белгиленген мөөнөткө чейин айыл чарба балыгы үчүн тоют сатууда КНС алынбайт. Нөлдүк ставка тоютту өндүргөн ишкана аны балык өстүрүү менен алектенген чарбага түз саткан учурда колдонулат. Жеңилдик ТЭИ ТНдин 2309 90 1000, 2309 90 3100, 2309 90 9609 коддоруна кирген тоюттарга жайылтылат.
Бул чара балык өстүрүүчүлөрдүн чыгымдарын азайтууга, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө жана рыноктук бааларды туруктуу кармоого багытталган.
Токтом расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.