Новопавловкада жеке үйдүн короосундагы иттерди атып кетишкен. Бул боюнча милиция түшүндүрмө берди

13.02.2026 | 11:23

Новопавловка айылында жеке үйдүн короосундагы иттерди «Тазалыктын» кызматкерлери атып кетишти делген окуя боюнча Бишкектин Ленин райондук милициясы түшүндүрмө берди. Ленин РИИБи бул боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатканын, анын жыйынтыгында укуктук баа берилерин билдирди.

Милициянын маалыматында, буга чейин Новопавловка айылынын тургундарынан турак үйлөрдүн биринде көп сандагы ит жана мышыктарды багууга байланыштуу даттануулар түшкөн. Жашоочулар антисанитардык абалга жана тынчтыктын бузулушуна нааразы болушкан. Үй ээсине берилген эскертүүлөр аткарылган эмес.

“12-февралда тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү жеринде текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган үйдүн аймагында болжол менен 30–40 ит бар экени, ветеринардык эмдөөлөр боюнча документтердин жоктугу, ошондой эле үйдүн жанында жеке менчик бала бакча жайгашкандыгына байланыштуу балдардын коопсуздугуна мүмкүн болгон коркунуч аныкталган”,- деп билдирди милиция.

Текшерүү учурунда үй ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле жаныбарларды коргоо фондунун өкүлү бир жума ичинде иттерди башка жакка көчүрүү жана аймакты тазалоо милдеттенмесин алып, тиешелүү акт түзүлгөн.

Аталган окуя тартылган видео учурда соцтармактарга тарап, кызуу талкуу жаратууда. Анда кожойке чак түштө үйүндө отурган кезде, короодогу иттерин атып кетишкенин билдирген.

Scroll to Top