Соцтармактарда мурдагы спикерди «саткын» деп атаган жаран кармалды

13.02.2026 | 12:21

Фейсбук соцтармагында Жогорку Кенештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун “саткын” деп атаган колдонуучу кармалды. Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Майда бейбаштык» беренеси менен боюнча протокол түзүлгөн.

Бишкек ШИИББдин маалыматында, Фейсбукка мониторинг жүргүзүү учурунда «Ж.Б.» аттуу аккаунт мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аброюна зыян келтирүүчү видеоматериалдарды жайылтып жатканы аныкталган.

43 жаштагы баракчанын ээси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Соцтармакта тараган видеодо аталган жаран Тургунбек уулун өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин достугун бузду деп айыптаган.

Scroll to Top