Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду

16.02.2026 | 12:05

Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Сыргабаев аталган кызматка 2024-жылдын июль айында дайындалган.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Талантбек Солтобаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Scroll to Top