Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Медер Машиев жаратылыш ресурстары министри кызматынан бошотулду
16.02.2026 | 12:09

Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Медер Машиев аталган кызматка 2024-жылы сентябрь айында дайындалган.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп Акыл Токтобаев дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат