Данияр Амангелдиев Коопсуздук боюнча 62-Мюнхен конференциясында Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын тааныштырды

16.02.2026 | 16:51

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Германияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Коопсуздук боюнча 62-Мюнхен конференциясында өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоду. Сапардын программасы глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу чакырыктар боюнча эл аралык өнөктөштөр менен бир катар сүйлөшүүлөрдү камтыды.

Делегациянын көңүл борборунда учурдагы санкциялык саясаттын шарттарында экономикалык өз ара аракеттенүү стратегиясын иштеп чыгуу маселеси болду. Тараптар чектөөлөрдүн аймактык долбоорлорго тийгизген таасирин талдап, туруктуу соода байланыштарын сактап калуу жолдорун белгилешти.

Муну менен катар Мюнхенде Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин алга жылдыруу боюнча иштер жүргүзүлдү. Консультациялардын катышуучулары бул демилгенин ар кандай аспектилерин жана эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн талдап чыгышты.

Бул милдеттерди ишке ашыруу республиканын глобалдык чечимдерди кабыл алуу процесстериндеги ролун күчөтүүгө жана улуттук экономиканы өзгөрүп жаткан дүйнөлүк шарттарга ылайыкташтырууга багытталган.

Scroll to Top