Ош мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалган

17.02.2026 | 17:58

Буга чейин соцтармактарда жана айрым ЖМКларда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматынан кетип жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Бул жаңылык колдонуучулар арасында кызуу талкуу жараткан.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы Reporter.kg редакциясына комментарий берип, бул маалымат чындыкка дал келбесин билдирди. Алардын айтымында, Токторбаевди кызматынан бошотуу тууралуу эч кандай чечим кабыл алынган эмес жана ал өз милдеттерин кадимки режимде аткарууну улантууда.

Мэрия таратылып жаткан маалымат жалган экенин баса белгилеп, жарандарды жалаң гана расмий булактарга ишенүүгө чакырды. Учурда шаар мэри жумуш ордунда, ал эми муниципалитеттин ишмердүүлүгү штаттык режимде уланууда.

Scroll to Top