«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылды

Бүгүн, 18-февралда, «Ала-Арча» жаратылыш паркында гондоль тибиндеги асма жолдун расмий ачылышы болду. Аземге өлкө башчы Садыр Жапаров катышты.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, жаңы асма жолдун узундугу 1 чакырымды түзөт. Ал саатына 1000ге жакын адамды ташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Объект австриялык “Doppelmayr” компаниясы тарабынан курулган.
Садыр Жапаровдун аземде сөз сүйлөп, долбоордун экинчи этабында асма жолду көзөмөл-өткөрүү пунктунан баштап парктын ички аймактарына чейин 12 чакырымга узартуу пландалып жатканын билдирди. Учурда паркта заманбап коттедждер курулуп, родельбандын курулушу жүрүүдө. Ошондой эле беш жылдыздуу мейманкана жана бассейн куруу мерчемделген.

Ошондой эле өлкө башчынын айтымында, санариптештирүү жана төлөмдөрдү электрондук форматка өткөрүүнүн натыйжасында парктын кирешеси 2020-жылдагы 29 млн сомдон 2025-жылы 262 млн сомго чейин өскөн.
Мындан тышкары ал тоо туризмин өнүктүрүү стратегиялык максат экенин белгиледи. Ал инвесторлордун ишине негизсиз текшерүүлөргө мораторий киргизилгенин эске салып, күч түзүмдөрүнө ишкерлерге кысым көрсөтпөө тапшырмасын берди. Ошол эле учурда ишкерлерди салыктарды жашырбай, ачык иштөөгө чакырды.