Токмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алынды
Экотехкөзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын кызматкерлери 13-апрелде рейддин жүрүшүндө Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопаркты аныктап, жаныбарларды алып коюшту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, зоопаркта багылып жаткан жапайы жаныбарлардын тиешелүү уруксат кагаздары жок болуп чыккан.



Жаныбарлардын кайдан келгенинин мыйзамдуулугу толук такталганга чейин, алар убактылуу жооптуу сактоо үчүн «Бугу эне» коомдук фондуна өткөрүп берилди. Жаныбарларды алып коюу боюнча расмий акт толтурулду.
Алып коюлган жаныбарлардын катарында — африка арстаны, төрт карышкыр, канада карышкыры, күрөң аюу, мартышка (маймыл), үкү, кенгуру, үч чөө, эму (төө куш), айры өркөч төө жана кара жору бар.




Учурда тиешелүү материалдар топтолуп жатат, анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.