Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилди

14.04.2026 | 19:26

Бүгүн, 14-апрелде Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева менен биргеликте Бишкектеги россиялык мектептин курулушун текшерип чыкты. Бул тууралуу РФнын КРдагы элчилиги билдирет.

Буга чейин маалымдалгандай, аталган билим берүү мекемеси Аалы Токомбаев көчөсүндө эки өлкөнүн 2023-жылдагы өкмөттөр аралык келишиминин алкагында курулууда. Ал келишимде Кыргызстандын аймагында орус тилдүү тогуз мектеп куруу каралган.

Жаңы төрт кабаттуу мектеп 1 миң 224 окуучуга ылайыкталган, жалпы аянты 27 миң чарчы метрге жакынды түзөт. Имаратта бассейн, футбол аянтчасы, спорттук жана акт залдары каралган. Объектти 2027-жылы колдонууга берүү күтүлүүдө.

Билим берүү процессине келсек, ал россиялык жана кыргызстандык стандарттарга ылайык уюштурулат. Мектептерде атайын даярдыктан жана квалификациясын жогорулатуудан өткөн эки өлкөнүн мугалимдери эмгектенишет.

Сергей Вакунов белгилегендей, учурда Кыргызстандан барган 200дөн ашык студент — орус жана кыргыз тилдеринин болочок мугалимдери Уфа шаарындагы М.Акмулла атындагы Башкырт мамлекеттик педагогикалык университетинде билим алышууда. Мугалимдерди даярдоо иши ошондой эле Бишкектеги Кыргыз-Россия Славян университетинде да жүргүзүлүүдө, ал жакта педагогикалык билим берүү кафедрасы иштейт.

«Бул чоң жана абдан күтүлгөн долбоор. Мектеп заманбап, функционалдуу жана ыңгайлуу жерде жайгашкан болот. Менимче, ал ата-энелер менен окуучулар арасында чоң суроо-талапка ээ болот», — деп белгиледи Сурабалдиева.

Ал Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин жана өлкөнү аны менен көп жылдык тарых байланыштырып турарын кошумчалады.

«Кызматташтыктын негизги багыттары — экономика жана билим берүү. Өлкөлөр ортосундагы саясий диалог ар дайым жогорку деңгээлде болуп келген жана ошол бойдон калууда», — деди эл өкүлү.

Сурабалдиева мындай объектилерди куруу мектептердеги ашыкча жүктөмдү азайтуу үчүн маанилүү экенин, бирок жалпы өлкө боюнча, өзгөчө окуучулардын санынын өсүшүн эске алганда, мектептердин жетишсиздиги дагы деле сезилип жатканын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, биринчи баскычтын алкагында 2027-жылы Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында мектептердин курулушун аяктап, ишке киргизүү пландалууда. Кийинки баскычта мындай объектилер Ошто, Манаста, Нарында, Таласта, ошондой эле Новопавловка жана Прогресс айылдарында курулат.

Бардык аянтчаларда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатканы белгиленет.

Scroll to Top