Министр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева менен Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев окуучу тарабынан сабалды делген №83 мектептин мугалими Болатхан Карибжановдон кабар алышты.
Учурда мугалим ооруканада дарыланууда. Министр менен мэр ага колдоо сөздөрүн айтышып, тезирээк сакайып кетишин каалашкан. Догдуркүл Кендирбаева сабак учурунда баланын кол көтөрүшүн акылга сыйбаган нерсе деп атап, бул боюнча катуу чара көрүлөрүн билдирди. Ошондой эле Карибжановду мугалимдерге арналган эс алуучу пансионатка чакырды.
16-февралда Бишкек шаарындагы мектептердин биринде 16 жаштагы окуучу менен 69 жаштагы мугалимдин ортосунда физикалык күч колдонуу менен конфликт чыккан. Биринчи Май райондук милициясынын маалыматында, бул факт боюнча текшерүү иштери башталган. Ошондой эле мугалим окуучуга чара көрүү өтүнүчү менен арыз берген. Ал эми окуучу медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылганы айтылган.