Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салдыДарыканаларда мыйзамсыз ташылып келген дарылар сатылган: эки жаран кармалды
БШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыратты
23.02.2026 | 11:29

Бүгүн, 23-февралда, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановду ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
БШКнын маалыматында, Сулайманов мандатын жеке арызынын негизинде тапшырган. Ал мандатын эмне себептен тапшырганы айтылган жок.
Сулайманов Жогорку Кеңешке 2025-жылдын декабрында №14 шайлоо округунан шайланып келген. Учурда анын ордуна, бош калган депутаттык орунга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын мурдагы башчысы Раимберди Дүйшөнбиев келери айтылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат