7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
БШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыратты
23.02.2026 | 11:29

Бүгүн, 23-февралда, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановду ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
БШКнын маалыматында, Сулайманов мандатын жеке арызынын негизинде тапшырган. Ал мандатын эмне себептен тапшырганы айтылган жок.
Сулайманов Жогорку Кеңешке 2025-жылдын декабрында №14 шайлоо округунан шайланып келген. Учурда анын ордуна, бош калган депутаттык орунга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын мурдагы башчысы Раимберди Дүйшөнбиев келери айтылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат