Баткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат

23.02.2026 | 12:03

Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында жаңы суу менен камсыздоо тутумун куруу иштери соңку баскычына келип калды. Долбоор «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө калктуу конуштун суу тармактары комплекстүү заманбапташтырылды. Адистер таза сууну сактоо үчүн жаңы резервуарларды жана заманбап хлорлоочу курулмаларды курушту. Ошондой эле суу алуучу объектилер толугу менен жаңыланды. Тартылган суу түтүктөрүнүн жана бөлүштүрүүчү тармактардын жалпы узундугу 17 чакырымдан ашты.

Белгиленгендей, жаңы тутумдун ишке кириши айылдын 3408 тургунун санитардык талаптарга жооп берген сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Борборлоштурулган суу менен камсыздоого 537 үй чарбасы кошулат. Бул чаралар айыл тургундарынын жашоо сапатын жогорулатуу менен бирге, узак мөөнөттүү келечекте суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга шарт түзөрү күтүлүүдө.

Scroll to Top