Бишкекте автобуста телефон уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында №135 автобуста уюлдук телефон уурдоого шектелген жаран кармалды. Шектүү мурда бир нече жолу соттолгон жана чөнтөк ууру катары каттоодо турган.
Бишкек шаардык милициясынын маалыматында, 5-февралда саат 17:30 чамасында жаран Ош базарынын аймагынан №135 автобусуна түшкөн. Лавановский көчөсүнө жеткенде арыз ээси өзүнө таандык «iPhone 16 Pro» үлгүсүндөгү телефону жоголгонун байкап, милицияга кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында А.А. аттуу жаран кармалган.
Соттун чечими менен шектүү эки айга №1 тергөө абагына киргизилген.
Ошондой эле тергөө иштеринин алкагында уюлдук телефондор сатылган жерлерде тинтүү иши жүргүзүлүп, 60тан ашык телефон табылып алынган. Алардын арасында арыз ээсинин уурдалган телефону да бар экени аныкталган.