Россиянын мигранттарга карата жаңы мыйзамдары: Эмне үчүн кыргызстандыктарга зыянга караганда, пайдалуу болушу мүмкүн?

25.02.2026 | 16:30

Россиянын мыйзамдарында эмгек рыногуна түздөн-түз таасир этүүчү олуттуу өзгөрүүлөр даярдалууда. РФ өкмөтү Мамлекеттик Думага миграциялык макамды киреше деңгээлине байланыштырган мыйзам долбоорун киргизди. Бирок, маалым болгондой, бул жаңылыктар кыргызстандык мигранттар үчүн көйгөй эмес, тескерисинче, рыноктогу жаңы артыкчылык болушу мүмкүн.

Москва чет элдиктердин «көмүскө» кирешелерине олуттуу киришүүнү чечти. Демилгенин маңызы жөнөкөй: эми Россияда иштөө жана жашоо укугу расмий киреше менен тастыкталышы керек. Эгерде чет элдик жаран жашоо минимумунан аз каражат тапса (анын багуусундагыларды эсепке алуу менен) же жылына 10 айдан аз иштесе, анын макамы жокко чыгарылышы мүмкүн.

Бирок, Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан биздин мекендештер үчүн бул жаңылык позитивдүү мүнөзгө ээ. Анын себептери төмөндө баяндайбыз.

ЕАЭБ — биздин «калкан»

Жогоруда сөз болгон мыйзам долбоорунда негизги көңүл патент системасына бурулган.Россия дал ушул патенттик система аркылуу квалификациясы жок кадрларды иргеп алууну пландап жатат. Бирок Кыргызстан — Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү. Биздин жарандар россиялыктар менен бирдей эмгек укуктарына ээ жана аларга патент алуунун кереги жок.

Бул кырдаал кыргызстандыктарды россиялык бизнес үчүн «артыкчылыктуу» жумушчуларга айлантат. Себеби иш берүүчү үчүн патенттик чектөөлөрдөн өтпөгөн, бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болбогон жана күтүүсүз депортация коркунучу жок кызматкерди ишке алуу кыйла пайдалуу жана коопсуз. Россияда курулуш жана тейлөө тармагындагы кадрлардын жетишсиздигинин фонунда, Кыргызстандан келген жумушчуларга болгон суроо-талап байкалаарлык өсүшү толук ыктымал.

Киреше — негизги талап катары каралат

Бирок, анткен менен бошошууга болбойт. Мыйзам долбоору экономикалык чыпканы киргизет: мигранттын орточо кирешеси өзүнө жана анын багуусундагы ар бир үй-бүлө мүчөсүнө эсептелген жашоо минимумунан төмөн болбошу керек.

Россияда жашаган кыргызстандык үй-бүлөлөр үчүн бул «көмүскөдөн» толук чыгууга стимул болот. Эми расмий иштөө жана «ак» айлык алуу жөн гана формалдуулук эмес, үй-бүлөнүн өлкөдө калуусунун кепилдиги болот. «Боз» схемалар менен иштегендер тобокелдик аймагында калышы мүмкүн.

Жашыруун кыйынчылыктар: 10 ай эрежеси

Туруктуу жашоого уруксат берүү (ВНЖ) ченемине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мыйзам долбооруна ылайык, эгер чет элдик жаран бир жыл ичинде 10 айдан аз иштесе, ал макамынан ажыратылышы мүмкүн. Бул талап ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарына да тийип калышы ыктымал. Көбүнчө мезгилдик жумуштарда иштеген биздин куруучулар үчүн бул кыйынчылык жаратат. Мындай шартта аларга туруктуу жумуш издөөгө, же ишмердүүлүгүн тыкыр документтештирүүгө туура келет.

Биз үчүн бул эмнени билдирет?

Россия «сапаттуу» миграцияга багыт алганы көрүнүп турат. Москва жумушчу күчүн гана эмес, экономикалык жактан бутуна турган жана мыйзамга баш ийген өнөктөштөрдү каалайт.

Кыргызстан үчүн бул Россиянын рыногундагы позициясын бекемдөөнү түшүндүрөт. ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн келген мигранттар патенттик бюрократия менен алышып, өздөрүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн далилдеп жаткан учурда, биздин мекендештер артыкчылыкка ээ болушат.

Анткен менен, биздин мамлекеттик органдар жана тийешелүү министрлик Мамлекеттик Думада мыйзам акыркы окууда кабыл алынып жатканда кырдаалды көзөмөлдөп турушу шарт. Эң негизгиси, жашоого уруксат алуу (ВНЖ) жана иш жүзүндө жумушка орношууга байланыштуу эрежелер евразиялык интеграциянын өзгөчөлүктөрүн эске алат.

Жыйынтыктап айтканда, эмгек рыногун формалдаштыруу — бул Россия тараптан гана көзөмөл эмес, кыргызстандыктардын социалдык жактан корголуусу десек болот.

Теги: ЕАЭБ
Scroll to Top