Кооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөт

Бишкек шаарынын мэриясында жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча жыйын өттү. Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева тиешелүү мекемелерге өспүрүмдөрдүн кечки жана түнкү убакта коомдук жайларда чоңдордун коштоосуз жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди.
Жыйында балдардын жарамазан айтуу шылтоосу менен кафе-ресторандарды кыдырып, унаа жолдорунда жана кесилиштерде жүрүү фактылары талкууланды. Бул жагдай балдардын коопсуздугуна коркунуч келтирери жана улуттук салттын кайырчылыкка айланышына жол бербөө зарылдыгы белгиленди. Айрым учурларда акча алуу үчүн QR-коддор колдонулуп жатканы айтылды.
Виктория Мозгачева жашы жете электерди мекемеге киргизген кафе-ресторандардын жоопкерчилиги караларын билдирди. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда мекемелерге карата тиешелүү чаралар көрүлөт.
Жыйындын жыйынтыгында райондук администрацияларга, жашы жете электер менен иштөө инспекциясына жана патрулдук милицияга биргелешкен рейддерди уюштуруу милдеттендирилди. Мэрия ата-энелерди балдарынын кечки жана түнкү убактагы жүргөн жерин көзөмөлдөөгө чакырат.