Иранда өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу кеңеш түзүлдү

01.03.2026 | 17:22

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу IRNA маалымат агенттиги маалымдады.

Кеңештин курамына Ирандын учурдагы президенти Масуд Пезешкиан, сот тутумунун башчысы Голамхоссейн Мохсени Эджеи жана Конституцияны сактоо кеңешинин бир мүчөсү кирди.

Ирандын мыйзамдарына ылайык, Эксперттер ассамблеясы мүмкүн болушунча тез арада жаңы жогорку лидерди шайлоого тийиш. Кеңеш жаңы лидер шайланганга чейин мамлекеттик башкарууну камсыз кылат.

Израил менен Америка Кошмо Штаттары 28-февралда Тегеранга жана Ирандын башка аймактарына соккуларды жасашкан. Дональд Трамп операция Ирандын өзөктүк программасын жок кылуу максатын көздөй турганын билдирип, ирандык аскерлерди куралдарын таштоого чакырган.

Иран буга жооп катары Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына ракеталык соккуларды урду. Израилде өзгөчө абал режими киргизилди.

Scroll to Top