«Хезболла» Израилге чабуул жасады. Израилдин жооп иретиндеги соккуларынан Ливанда 31 адам каза болдуЖогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун жана шайлоочулардын каттарын кароого көзөмөлдү күчөтөтКызыл-Кыядагы базарда уурулук кылып жүрүүгө шектелген жаран кармалдыИИМ: Жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү жаран изделүүдөТИМ БАЭде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштадыИзраил менен АКШнын Иранга чабуулу: эл аралык мыйзамдар алсырап, дүйнө кооптуу доорго кирип жатабы?
Бишкекте 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук тамекилердин партиясы алынды
02.03.2026 | 09:44
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик контролдун жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган электрондук тамекилерди (никотин жеткирүүчү түзүлүштөрдү) саткан жайды аныкташты.
Мыйзамсыз соода түйүнү 7-кичи райондогу турак үйдүн жер төлөөсүндө жайгашкан. Ведомствонун маалыматы боюнча, соода ишин Э.Д.Ж. аттуу жаран жетектеген. Продукцияны сатуу атайын схема боюнча уюштурулган: буйрутмалар сатып алуучуларга курьердик кызматтар жана такси аркылуу жеткирилип турган.
Текшерүү учурунда 3 миңден ашык никотин камтыган буюмдар алынды. Товардын жалпы баасы 3 миллион сомдон ашык деп бааланууда.
Алынган бардык буюмдар мындан аркы тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Теги: Салык кызматы