Бишкектеги Ош базары: Шаар ичиндеги шаардын тарыхы

01.03.2026 | 22:15

2026-жылдын май айында Бишкек дагы бир туристтик жайынан айрылат – шаардагы эң ири соода түйүнү болгон Ош базары жабылат. Анда эмгектенген 8 миңден ашык адам жумуш ордун которот. Аларга шаардын түндүк четинде жаңы салынып жаткан базарда соода орундары даярдалууда. Бишкектин эң чоң базары жөнүндө сиз билбеген кызыктар  жана ал жабылганга чейин эмнелерди көрүп, жетишип калууну сунуштайбыз?

Ош базардын пайда болушу – Түндүк менен Түштүктүн көпүрөсү

Ош базары мындан 50 жылга жакын убакыт мурун – 1983-жылы, Бишкек ал кездеги Фрунзе деп аталган кезде ачылган. Ал мезгилде бийлик алдында эки милдет турган: биринчиси – 1985-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 40 жылдыгына карата Жеңиш аянтын куруу, экинчиси – ал үчүн Фрунзенин чок ортосундагы “Жашыл базарды” башка жакка көчүрүү. Жаңы соода орду катары шаардын батыш тарабындагы Ала-Арча колхоз базары жайгашкан аймак тандалган. Аталышы шаарды кесип өткөн Ала-Арча суусуна байланыштуу берилген.

Базардын орду абдан туура тандалган: шаар борборунан да жана ага чектеш айылдардан да алыс эмес, ортодо. Автобус жана троллейбустар менен бардык тараптан келүүгө ыңгайлуу болгон. Базардан бир нече квартал түндүктө өлкөдөгү эң ири Батыш автобекети жайгашып, ал жерден шаар тургундары менен коноктору Нарынга, Таласка, Ошко жана Ысык-Көлгө каттап турушкан. Ал эми базардан бир нече квартал түштүктө “Пишпек” темир жол станциясы жана көптөгөн кампалар жайгашкан эле.

Шаардын болочок ири базары бир жылдан ашык убакытта долбоорлонуп бүткөн. Архитекторлор Анатолий Нежурин, Юрий Чубаров жана Кубанычбек Назаров болгон күч-аракетин жумшашкан. 5 гектар жерде советтик модернизм стилинде эт, балык жана сүт азыктары үчүн мрамор павильондору, наабайкана, чайкана жана Турмуш-тиричилик үйү курулган. 700дөн ашык адам жумуш орду менен камсыз болгон.

“Ош” деген аталыш кокусунан келип чыккан эмес. Базарды республиканын түштүк борборунан келген жумушчулар куруп, долбоорго Ош жана Нарын облустарынын колхоздору чоң каражат салышкан. Ачылышына Турдакун Усубалиев өзү катышкан бул объект алгач “Ала-Арча – Ош” деп аталган. Бирок эл арасында кыскарып олтуруп, кийинчерээк жөн гана “Ош базары” аталып калган.

Жандуу жана жансыз товарлар

СССР тарап, Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин Ош базары миңдеген адамдарга жумуш берген башкы соода борборуна айланды. Соода-сатык жүргүзүү бир гана атайын павильондордо эле эмес, кол арабалардан, картондордон, атүгүл троллейбус аялдамаларынан баштап тротуарларга чейин жайылып, тыгындарды жараткан. Мындан улам “Ош базарына” баруу – бул өзүнчө бир саякатка айланган. Майрам күндөрү Ноорузда, Айт майрамдарында жана Жаңы жылда калктын көпчүлүк катмары дал ушул жерге агылып келишчү. Мунун себеби ассортименттин көптүгү жана баанын арзандыгында эле.

“Ош базарында” жашылча-жемиштен баштап, кийим-кече, курулуш материалдары, атүгүл сейрек кездешүүчү дары чөптөр менен “Кыял” бирикмесинин кол өнөрчүлүк буюмдарына чейин айтор баары сатылган, жок нерсенин өзү жок эле.

“Шаар ичиндеги шаар”

2000-жылдардын ортосунда “Ош базары” толук кандуу “шаар ичиндеги шаарга” айланды. Бул жердин өзүнүн чач тарачтары, ашканалары, мейманканалары, эмгек биржалары, атүгүл “өзүнүн” ички тартибин көзөмөлдөгөн системасы пайда болгон. Базар миңдеген адамдарга, анын ичинде мектеп жашындагы балдарга да жумуш берген. Тилекке каршы, көптөгөн балдар сабак окуунун ордуна араба түртүп, товар ташып же суу сатып иштей башташкан.

Базардын айланасындагы турак жайлар да базардын муктаждыгына ылайыкташып, батирлер күнүмдүк ижарага берилген “резина батирлерге” айланган. Бишкектиктер үчүн “Ош базар” деген сөздүн өзү ызы-чуунун, башаламандыктын жана токтоосуз кыймылды чагылдырып калган.

Көчүрүү: Жаңы барак

2010-жылдардын аягында шаар бийлиги базарды көчүрүү маселесин көтөрө баштаган. Анын негизги максаты — шаардын борборундагы тыгындарды азайтуу жана сооданы заманбап форматка келтирүү болчу. Пандемия бул пландарды бир аз кечеңдеткени менен, 2023-жылы так чечим кабыл алынды.

Бийлик “Ош базарынын” ордуна заманбап сейил багын, ал эми “Кыял” комплексинин ордуна оорукана кура турганын билдирди. Батыш автобекети 2024-жылы жабылып, толугу менен бузулду. Эми кезек базарда.

Базар жабылганга чейин эмнелерди көрүп, эмнелердин даамын татуу керек?

Эгер сиз бул базарга таптакыр барып көрө элек болсоңуз, андагы колоритти көрүп калууга шашылыңыз:

  • Тандыр нан жана самсы: Ошол жерде эле жабылган ысык нандардын жыты базардын көркү.
  • Кургатылган жемиштер жана таттуулар: Каптарга толтурулган жаңгак, мейиз, өрүк кактары, сары нават жана бал.
  • Эт жана сүт павильону: Топоздун этин, чучукту, сары майды жана нукура кымызды ушул жерден таба аласыз.
  • “Кыял” кол өнөрчүлөрү: Кыргыздын улуттук кийимдери, ат жабдыктары, комуз жана сандыктар. Бул жерде баалар борбордогу сувенир дүкөндөрүнө караганда арзаныраак жана соодалашууга болот.

Ош базары — бул жөн гана соода орду эмес, бул Кыргызстандын бир доорунун тарыхы. Ал жабылгандан кийин Бишкектин тарыхында жаңы барак ачылат.

Елена Короткова

Теги: Бишкек
Scroll to Top