ТИМ БАЭде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) жүргөн жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады.
Министрлик жарандарды БАЭнин Ички иштер министрлигинин жана башка расмий органдардын билдирүүлөрүнө таянууга, текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырат.
Ошондой БАЭнин компетенттүү органдары каттамдардын токтотулушуна же жылдырылышына байланыштуу жарандарды мейманканаларда кошумча акы төлөбөстөн калтыруу жана аларды өлкөдөн чыгарбоо чечимин кабыл алынганын билдирди. Ушуга байланыштуу кыргыз жарандарына мейманканаларда калуу, КРнын чет өлкөдөгү мекемелери, туроператорлор жана авиакомпаниялар менен байланышта болуу сунушталат. Абадан коргонуу сигналы берилген учурда мейманкана кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл.
Учурда БАЭде “жабык асман” режими киргизилгендиктен, үчүнчү өлкөлөр аркылуу жер менен чыгуу жолдорун өтө зарыл учурларда гана кароо жана расмий маалыматтарды көзөмөлдөө сунушталат.
Мындан тышкары ТИМ БАЭдеги кыргызстандык жарандардан ыкчам өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана актуалдуу маалыматты түзүү максатында, Кыргызстандын элчилигине өздөрүнүн жүргөн жери тууралуу маалыматтарды (аты-жөнү, туулган күнү, паспорт номери, жашаган дареги жана байланыш номери) төмөнкү ыкчам байланыш телефондоруна жөнөтүүнү суранды:
- КРнын БАЭдеги элчилиги: +971522255269;
- КРнын Дубай шаарындагы башкы консулдугу: +971522918840;
- ТИМдин Консулдук департаменти: +996999312002.