ЮНЕСКО VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий патронаж берди
2026-жылы Кыргызстанда өтө турган алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКӨ) ЮНЕСКОнун патронажындагы иш-чара статусуна ээ болду. Тийиштүү чечимди уюмдун башкы директору Халед аль-Анани кабыл алды.
Мындай жогорку эл аралык статустун берилиши ЮНЕСКО иштери боюнча КР Улуттук комиссиясынын, ДКӨнүн Эл аралык катчылыгынын жана Кыргызстандын Париждеги Туруктуу өкүлчүлүгүнүн биргелешкен жана макулдашылган ишинин натыйжасы болду.
Өкмөттүн патронаж берүү тууралуу расмий кайрылуусун КРнын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз эки тараптуу жолугушуу учурунда уюмдун башкы директоруна тапшырган.
ЮНЕСКОнун патронаж бериши — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары глобалдык деңгээлде маанилүү демилге катары таанылганын ырастайт. Бул долбоор адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын маанилүү бөлүгү болгон салттуу спорт түрлөрүн сактоодо жана жайылтууда негизги ролду ойнойт.
ЮНЕСКОнун колдоосундагы иш-чара статусу Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат:
- эл аралык катышуучулардын чөйрөсүн кеңейтүү;
- өлкөнүн маданий мурасын дүйнөлүк аренада алга жылдыруу үчүн кошумча куралдарга ээ болуу.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 30-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Эл аралык колдоо мелдештердин аброюн көтөрүп, дүйнөлүк коомчулуктун көчмөн элдердин каада-салтына болгон көңүлүн бурат деп күтүлүүдө.