Эл аралык банктар Кыргызстанда чакан бизнести насыялоо ставкасын жогорулатууда

02.03.2026 | 20:21

Парламенттин Экономикалык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Болот Сагынаев эл аралык кредиттик уюмдар тарабынан чакан жана орто бизнести насыялоонун пайыздык ставкасын жогорулатуу маселесин көтөрдү. Анын маалыматы боюнча, Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы Кыргызстанга стартаптарды жана чакан бизнести өнүктүрүү үчүн 170 млн долларды жылдык 8% менен бөлүүнү пландап жатышат. Ушул күнгө чейин мындай программалар 0% менен берилип келген.

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов насыялоо шарттарынын өзгөрүшүнүн себептерин түшүндүрдү. Анын айтымында, COVID-19 пандемиясы учурунда ставканы нөлгө чейин түшүрүү бизнести колдоонун убактылуу чарасы болгон. Азыр өлкөдө экономикалык абал турукташып, кредиттик рейтинг жогорулагандыктан, гранттык бөлүгү кыскарган.

Аткаминер пайыздык чен рыноктук деңгээлге чейин көтөрүлгөнү менен, насыялоо шарттары дагы деле жеңилдетилген бойдон каларын жана өлкөдөгү стартаптарды, ишкердикти колдоого багытталганын баса белгиледи.

Scroll to Top