«Сабыр» жана суахили: Кыргызстан африкалык сүйүүнү кантип тосуп алды?

04.03.2026 | 11:00

Өлкөдөгү бардык кинотеатрларда 5-марттан тарта “Африкалык келин” тасмасы көрсөтүлө баштайт. Бул — кыргызстандык саякатчы жигиттин Танзаниядан жубай алып келип, аны айыл турмушуна, кыргыздын каада-салтына көндүрүүгө аракет кылган окуясын баяндаган драма-комедия. Тасмада африкалык келиндин аппак карга таң калганы, туугандардын ортосундагы күлкүлүү тирешүүлөр чагылдырылат. Бирок жашоодо 27 жаштагы Марат Ниязмат уулу менен анын жубайы Люсинин окуясы алда канча жөнөкөй жана алда канча бактылуу.  

Reporter.kg басылмасынын кабарчысы Бишкекте түгөйлөр менен жолугушту. Сыртта аба ырайы суук, Люси жоолугуна оронуп алганы менен, жүзүнөн жылмаюу кетпейт. Марат тажрыйбалуу котормочудай эле, маанини туура жеткирүү үчүн бат-баттан телефонуна карап коёт. “Сабыр” деп кайталайт ал кыргызча. Анткени бул сөз биздин маданиятта бактылуу никенин негизги сыры эмеспи. 

Океандын жээгинде жолугушуп, тагдырларын бириктиришти 

Марат велосипед менен Африканын көп жерлерине саякаттаган. Ал Сенегал, Гамбия, Кения, Уганда жана Руанданы кыдырып чыккан, бирок планында Танзания жок болчу. Тагдырдын буйругу жана виза маселелери менен ал жерде бир нече айга кармалып калат. Занзибарда жергиликтүү сулуулук салонунун жанынан өтүп баратып, отургучта отурган кызды байкап калат. Он метрдей өтүп кетсе да, кайра артына кайтып келет. Люси ошол салондо иштечү. Таанышуу кыска болгону менен, Марат анын телефон номерин алууга жетишет. Бир нече күн сүйлөшкөндөн кийин, Марат түз эле кыздын апасына барат. “Эгер кызыңыз мага жакса, аны Кыргызстанга алып кетем”, – деп айтканын эскерет.

Кыздын ата-энеси каршы болгон эмес. Бирок Люси апасынын алгачкы коркуу сезимдерин жашырган жок: “Апам абдан тынчсызданды. Менин кайда баратканымды жана ал жакта кантип жашап кетеримди билбеген үчүн чочулады”.

Тил тоскоолдугу: котормочу программанын жардамы

Жаш жубайлар үчүн эң негизги тоскоолдук маданияттагы айырмасы эмес, тил тоскоолдугу болду. Мараттын айтымында, маданий жактан алар тез эле тил табышып кетишкен, бирок тил тоскоолдугу күн сайын сезилип турат. “Биз дагы деле котормочу программанын жардамы менен сүйлөшөбүз. Ошондуктан кээде ал мени толук түшүнбөй калат же мен анын оюн жеткиликтүү кабыл ала албайм”, — дейт Марат.

Учурда Марат суахили тилинде 200гө жакын сөз билет. Люси болсо азырынча “салам”, “кандайсың” жана “жакшы” деген сыяктуу негизги сөздөрдү гана өздөштүрдү. Бул сөздөр жылмайып учурашууга жеткени менен, ички дүйнөңдү ачып, кенен баарлашууга аздык кылат. Ошондуктан, Люси Кыргызстандын суугуна бир аз көнүп алгандан кийин, аны кыргыз тили курстарына жиберүүнү пландап жатышат.

Суук, плов жана ак көңүл адамдар

Люси Кыргызстанга кыш чилдесинде келген. Бул ал үчүн эң чоң маданий шок болду. “Ал таң калып, чЧын эле ушунчалык суук болобу? деп сурай берчү. Ал мурда мындайды такыр көргөн эмес да”, — деп күлөт Марат.

Жыл бою жылуу аба ырайы өкүм сүргөн Танзаниядан келген кыз үчүн кар башка дүйнөдөгүдөй эле сезилет. Бирок маселе бир гана климатта эмес. Люси Кыргызстандагы кымбатчылыкты жана ага тааныш болбогон тамак-аштарды анча жактырбаганын ачык айтат. Бирок ошентсе да, ага плов менен боорсок абдан жаккан. «Танзанияда да мындай тамактар бар, бирок даамы башка», — дейт Марат.

Африкалык келинди баарынан да кыргыздын адамдары суктантты. Өздөрү башкы ролду ойногон тасманы тартуу учурунда Люси чыгармачыл топтун мамилесине таң калган. “Бир нерсени билбей жатсаң да, алар сага сыпайы мамиле жасап, туурасын үйрөтүшөт. Билбегениңди акырын гана көрсөтүп беришет экен. Бул жактагы адамдардын ички дүйнөсү абдан жумшак жана боорукер”, — дейт Люси.

Марат үчүн кино тартуу процесси физикалык жактан оор сыноо болду. Шалта айылындагы көрүнүштөр катуу суукта тартылган, африкалыктар жука улуттук кийимдери менен тоңуп турганда, жергиликтүү топ калың курткачан иштешкен. “Мурда Москвада кино курстарында окуганда мунун баары оңой сезилчү. Эми билдим, кино тартуу бул өтө оор эмгек”, — дейт Марат.

Келечекке болгон пландары

Марат жубайын назик, сулуу жана сабырдуу дейт. Өзгөчө анын үй-бүлөгө болгон камкордугун жогору баалайт. Кыргыз маданияты сыяктуу эле, Люси өскөн патриархалдык Танзанияда да улууну урматтоо жана туугандык байланыш абдан маанилүү. Люси апасына жана сиңдилерине кам көрүп чоңойгон. Бул жагынан алардын баалуулуктары төп келет.

Балдар тууралуу суроого Марат бир аз тартынганы менен, эргүү менен жооп берди: “Албетте, балалуу болгубуз келет. Ысымын убактысы келгенде чогуу отуруп чечебиз. Ал кыргызча болобу же африкачабы айырмасы жок”.

Учурда түгөйлөр келечекке пландарды түзүп, Кыргызстандагы үлгүлүү үй-бүлө болууну кыялданышат. Азырынча алардын башкы максаты кыштан аман-эсен чыгуу, тилди үйрөнүү жана кыргыз ашканасында танзаниялык тамактарды бышырууну өздөштүрүү.

Reporter.kg маалымдамасы

Марат менен Люсинин чыныгы окуясына негизделген “Африкалык келин” тасмасынын бет ачары 5-мартта өтөт. Тасмада профессионал актерлор жок, башкы каармандар өздөрүн өздөрү ойношкон. Сюжет боюнча Люсинин туугандары аны алып кетүү үчүн Кыргызстанга келишет. Бул эки башка дүйнөнүн кагылышуусу күлкүлүү жана таасирдүү окуялар менен коштолуп, аягы бактылуу аяктайт.

Scroll to Top