Депутат Орусиянын абактарында жаткан кыргызстандыктарды экстрадициялоону күчөтүүнү сунуштады

Бүгүн, 4-мартта, Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев кылмыш кылганы үчүн Орусиянын абактарында жаткан кыргызстандыктарды Кыргызстанга экстрадициялоону күчөтүүнү сунуштады.
Депутаттын айтымында, 2023-жылы Кыргызстанга чет өлкөлөрдө соттолгон 84 жаран экстрадиция болгон, 2025-жылы 234, ал эми 2026-жылдын башынан бери 81 жаран алынып келинген.
Сагынаев аталган жарандар чындыгында кылмыш кылган болсо да, аларды мамлекет тарабынан карабай коюу туура эмес экенин айтты. Ошондой эле ал Орусиянын абактарында жаткан кыргызстандыктар Украинадагы жаңжалга тартылышы мүмкүн деген кооптонуусун билдирди.
“Учурда биздин 1100 жараныбыз Орусияда жаза мөөнөтүн өтүп жатышат. Азыркы тапта эч кимге жашыруун эмес, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарга жарандык жана акчалай компенсациялар сунушталып, алар түрмөдөгү шарттарга чыдабай Украинадагы жаңжалга барууга макулдук берип коюшу мүмкүн. Муну биз жокко чыгара алабайбыз”,- деди депутат.
Эл өкүлү экстрадиция маселесин прокуратура карай турганын айтып, мындан улам Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде прокуратура өкүлчүлүгүн ачуу маселесин карап чыгууну өтүндү. Айтымында, мындай өкүлчүлүктүн ачылышы экстрадициялоо ишин ыкчам кылууга шарт түзөт.