Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Ата-энесинин камкордугусуз калган эки наристе Екатеринбургдан Кыргызстанга кайтарылды
04.03.2026 | 14:46

Орусиянын Екатеринбург шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган кыргызстандык эки наристе мекенине алынып келинди.
Бул иш-чара КРдин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу менен биргеликте ишке ашырылган.
“Процесс эл аралык жана улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык, балдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлдү. Учурда министрлик тарабынан балдарды жакын туугандарына өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-чаралар аткарылууда”,- деп билдирди мекеме.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом