Эл каттоонун мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылды

Эл каттоонун мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылды

Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылганына байланыштуу, эл жана турак жай фондун каттоо белгисиз убакытка жылдырылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Белгилей кетсек, калкты жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин белгиленген болчу. Бирок COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу 20-апрелден 29-апрелге чейинки убакытка жылдырылган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын 1-мартына карата Кыргызстанда элдин жалпы саны 6 миллион 542 миң адамга жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>