Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы жол курулуштарынын жүрүшүн текшерди
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар ири инфратүзүмдүк долбоорлордун ишке ашырылуу жүрүшү менен таанышты. Өкмөт башчысы аймактагы негизги унаа жолдорунун курулушун жана реконструкцияланышын текшерди.
Өзгөчө көңүл Каракол – Эңилчек унаа жолуна бурулду. Реконструкцияланып жаткан тилкенин узундугу 105 чакырымды түзөт. Мында курулуш иштери 2025-жылдын декабрында башталып, объектти 2026-жылдын декабрында бүтүрүү пландалууда.
Ошондой эле өкмөт башчысына башка транспорттук артерияларды өнүктүрүү боюнча долбоорлор тааныштырылды:
- Каракол – Токтогул – Жыргалан жолунун курулушу (60,5 чакырым);
- Балыкчы – Барскоон – Каракол трассасын реконструкциялоо (75 чакырым);
- Жети-Өгүз – Койсары унаа жолун реконструкциялоо (16,9 чакырым).
Жолдорду куруу жана жаңылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана башка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылууда.
Белгиленгендей, бул долбоорлорду ишке ашыруу аймактын транспорттук инфратүзүмүн масштабдуу өнүктүрүүгө багытталган. Бийлик өкүлдөрү транспорттук жеткиликтүүлүктүн жакшырышы Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жергиликтүү тургундар менен туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө маанилүү фактор болот деп ишенишет.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине курулуштун сапатын камсыздоо жана бекитилген графиктерди сактоо боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.