Бишкек мэри борбор калаанын борборундагы курулуштар бузулган жерге курула турган фонтандардын долбоорун көрсөттү
16-мартта борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрдү. Калаа башчысы курулуштарды демонтаждоо иштеринин жүрүшүн текшерип, шаардын борбордук бөлүгүн көрктөндүрүү пландарын талкуулады.
«Айчүрөк» ЦУМдун жанындагы тилкеде менчик ээлери буга чейин тургузулган конструкцияларды бузууга киришти. Эскиздик долбоорго ылайык, бул жерде фонтан комплексин калыбына келтирүү жана жашыл зонаны түзүү пландалууда.
Айбек Жунушалиев соода борборунун жетекчилигине кайрылып, мейкиндикти шаардыктар үчүн болушунча ачык кылууну талап кылды.
«Каталарды кайталабайлы. Бүгүн аймакты кайра тосуп жатасыңар, эртең ал жерде бутиктер пайда болот. Бул жерди жашоочулар үчүн ачып, коомдук эс алуу зонасын түзүү зарыл», — деди мэр.
Көрктөндүрүүнүн акыркы долбоору демонтаждоо иштери аяктаары менен ишти баштоо үчүн жакынкы шаар куруу кеңешинин жыйынында сунушталууга тийиш.
Мэр ошондой эле «Old Bishkek» долбоору ишке ашырылып жаткан тилкеге барды. «Ташболот холдингдин» өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча, менчик ээлери курулуп жаткан үч кабаттуу объектти бузуу чечимин кабыл алышты. Бишкек тургундарынын каалоосун эске алуу менен, бошогон аймакта жөө адамдар өтүүчү жол жана жашыл зона уюштурулат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Айбек Жунушалиев тийиштүү кызматтарга бул долбоорлордун ишке ашырылышын катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.
Мындан тышкары, мэр Чүй проспектисинин боюндагы бардык имараттардын (анын ичинде «Beren Gold» имаратынын) сырткы көрүнүшүн борбордун бекитилген дизайн-кодуна ылайык келтирүү милдетин койду. Бул уруксатсыз жарнамаларды демонтаждоону жана имараттардын маңдайкы бөлүгүн (фасаддарын) бирдиктүү архитектуралык стандартка келтирүүнү карайт.