Токмокто аял жарандык никедеги жолдошун өлтүрүүгө шектелип кармалды

15-мартында Токмок шаарынын 3-кичи районундагы батирлердин биринен 46 жаштагы жарандын сөөгү табылган. Кылмышка шектүү катары анын жарандык никедеги жубайы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Маалымат милициянын нөөмөт бөлүмүнө саат 06:47де түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу маркумдун көкүрөк тушуна бычак сайылганын аныктаган. Ага бычакты 52 жаштагы жубайы К.Ж. сайган.
Алдын ала маалымат боюнча, К.Ж. жана анын жолдошу М.Б.нын ортосунда уруш чыгып, андан кийин аял ашкана бычагы менен эркек кишинин көкүрөгүнө сокку урган. Натыйжада М.Б. окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Окуя болгон жерден далил катары бычак алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. К.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.