ЖК комитети кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды
Жогорку Кеңештин бюджет, финансы, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Документтин демилгечиси — Министрлер кабинети.
Мыйзам долбооруна ылайык, карыз алуучулардын кредиттик маалыматын сактоо мөөнөтүн кыскартуу сунушталууда. Тактап айтканда, терс кредиттик тарых азыркыдай 5 жыл эмес, 2 жыл сакталат. Ал эми оң кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтү 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартылат.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде бул өзгөртүүлөр кредиттик маалымат жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталганы жана жарандардын кредит алуусун жеңилдетери белгиленген. Мындан тышкары, жаңы нормалар банк системасына болгон жүктү азайтат деп күтүлүүдө.