Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Рамазан айынын так датасын аныктады. Муфтият тараткан маалыматка ылайык, орозонун биринчи күнү 24-апрелге туура келет.
“Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жаңы айдын башталуусу тууралуу Орто-Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен жана ошондой эле коңшу Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн Дин Башкармалыктары менен кеңешип, орозонун биринчи күнү аныкталды”, — деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин видеокайрылуу аркылуу орозо маалында ооз ачуу жана тарафик намазы үйдө окуларын айткан.
Өткөн жылы орозонун биринчи күнү 6-майга туура келип, Орозо айт майрамы 5-июнда белгиленген.