Жакынкы Чыгыш жарылуунун босогосунда: Ирандагы согуштун эпкини эмне үчүн Борбор Азияга тиет?
Дүйнөлүк маалымат каражаттары Батыш Азиядагы атышууларды байкап жаткан чакта, Бишкекте эксперттер Тегеранга каршы башталган «чоң оюн» катардагы кыргызстандыктардын жашоосуна жана бүтүндөй Евразиянын коопсуздугуна кандай таасир этерин талдап чыгышты. Кырдаалды саясат таануучулар, экономисттер жана атайын кызматтын ардагерлери талкуулашты.

Бишкекте азыркы замандын эң курч кризисине арналган тегерек стол өттү. Дискуссияны «Fars News» жана «Eurasia Today» агенттиктери уюштурду. Анын себеби Ирандын айланасындагы кырдаал «олуттуу» тирешүү баскычына өткөнүнө байланыштуу.
«Блицкриг» планы ишке ашпай калдыбы?
Талкуу Ирандын ичиндеги саясий өзгөрүүлөрдү талдоо менен башталды. Жогорку лидер Али Хаменеи каза болгондон кийин, анын уулу Можтаба Хаменеи жаңы руханий жетекчи болду. Бийликтин алмашуусу Батыштын болуп көрбөгөндөй кысымы менен коштолду.

«АКШ менен Израилдин стратегиясы өтө тез ишке ашуучу операцияга негизделген. Алар эки-үч күндүн ичинде өлкө жетекчилигин жок кылып, мамлекетти көзөмөлгө алабыз деп олуттуу ишенишкен», — деп билдирди Ирандын Кырыгзстандагы маданий атташеси Абдул Реза Сейфи. Бирок «А планы» ишке ашкан жок, Иран коому биригип, саясий система Вашингтон күткөндөн алда канча туруктуу болуп чыкты. Дипломаттын пикиринде, согуштун чыныгы максаты «өзөктүк коркунуч» эмес, Евразиянын негизги түйүнү болгон Иранды толук көзөмөлгө алуу.
Эл аралык укук: Доордун аягыбы?
Эксперттер бул жаңжал эски дүйнөлүк тартипти биротоло жок кылды деген бир пикирге келишти. Чыгыш таануучу Эсен Усубалиев кескин пикирин билдирди:

«Лидерлерди саясий өлтүрүүдөн жана мектептерге жасалган соккулардан кийин Батыш коомчулугу «эрежелерге негизделген дүйнөлүк тартип» жөнүндө айтууга моралдык укугунан ажырады. Бул тартип аморалдуу. Ал куралсыз адамдарды жана окумуштууларды өлтүрүүгө жол берет. Бул тарыхтын фашизмге тете кара барактары».
Эксперттин пикиринде, азыркы кризис аймактагы өлкөлөрду коопсуздуктун жаңы кепилдерин издөөгө мажбур кылат. Ал эми алар: Орусия жана Кытай болушу толук мүмкүн.
Каржылык сокку: Бензин жана логистика
Катардагы жаран үчүн согуш — бул жөн гана геополитика эмес, рыноктогу баалар. Экономист Кубатбек Рахимов Ормуз кысыгын эске салды.
Тобокелдик эмнеде?
- Дүйнөлүк мунайдын 20%ы ушул кысык аркылуу өтөт.
- Бул зонадагы ар кандай жарылуу күйүүчү майдын баасын асманга көтөрөт.
- Кыргызстан жана Тажикстан үчүн бул инфляциянын өсүшү жана бардык товарлардын кымбатташы дегенди билдирет.
Бирок дагы бир коркунуч бар. Иран – Ооганстандын негизги өнөктөшү (соода жүгүртүүсү 4 млрд доллар). Эгер Ирандын экономикасы чайпалса, Кабул колдоосуз калат. Анда Талибанга ИГИЛ-Хорасандын радикалдарын (негизинен Орто Азиядан баргандар) кармоого бир топ кыйын болот. Бул «кара интернационалдын» биздин чек араларга агылып келишине түз коркунуч жаратат.
Генералдык божомол: «Бандиттик маңыз»
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков жаңжал аймактын алкагынан чыгып кеткенине ишенет.

«Иранга жасалган болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулдар АКШ менен Израилдин аракеттеринин бандиттик маңызын көрсөттү. Алар эл аралык укукту тоготпой коюшту. БУУ жана МАГАТЭ сыяктуу институттардын кадыр-баркы толугу менен түштү», — деп эсептейт атайын кызматтын ардагери. Ал эскерткендей, Ирандагы ар кандай эскалация – Евразиянын транспорттук коридорлоруна жана биздин чек аралардын туруктуулугуна түз коркунуч.
Смартфондордогу согуш
Ракеталар асманда учуп жаткан чакта, биздин телефондорубузда башка согуш – маалыматтык согуш жүрүүдө. Медиаэксперт Таалайбек Ороскулов кооптуу тенденцияны байкаган: социалдык тармактардагы талкуулар заматта радикалдашууда.
«Алгач Иранга көңүл айтуулар болду, бирок андан кийин эле кастыкты козуткан жана бүтүндөй улуттарды жок кылууга чакырган топтор ишке кирди. Алар так методикалар менен иштеп, керектүү маанайды калыптандырып жатышат», — деп түшүндүрдү эксперт.

Анын сөздөрүн Павел Власов («Деловая Евразия») да тастыктады. Анын айтымында, кыргыз ЖМКларында бул темага болгон кызыгуу 600%га өскөн. Ошол эле учурда медиа айдыңы экиге бөлүндү: проевразиялык көз караштан баштап либералдык көз караштарга чейин.
Белгилей кетсек, Ирандын айланасындагы кырдаал бул «кайсы бир жердеги алыскы маселе» эмес. Бул биздин май куюучу жайлардагы баалар, биздин чек аралардын коопсуздугу жана биздин социалдык тармактардагы тынчтык. Эксперттер эскертишүүдө, эгер дүйнө жамааттык коопсуздуктун жаңы эрежелерин иштеп чыкпаса, Батыш Азиядагы азыркы кризис чоң евразиялык кырсыктын башталышы гана болуп калышы мүмкүн.
Эксперттин пикири

Шерадил Бактыгулов, саясат таануучу:
«Иран Борбор Азия үчүн жөн эле коңшу эмес, бул эң маанилүү геоэкономикалык түйүн. БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги добуш берүү терең ажырымды көрсөттү. Агрессорлорду айыптоочу резолюцияга бөгөт коюлуп, ал эми коргонуп жаткан тарапты күнөөлүү кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатышат — бул хаоско алып келүүчү парадокс».
Автору: Владимир Банников
Сүрөт: Азиза Пиримкулова