Кыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайт

17.03.2026 | 17:01

Кыргызстанда В, С жана D түрүндөгү вирустук гепатиттер менен 430 миңге жакын адам жашайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Профилактикалык медицина» КЭУнун вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, расмий статистика толук көрүнүштү чагылдырбайт, анткени ал жарандардын медициналык мекемелерге кайрылуусунун негизинде түзүлөт. Көптөгөн учурлар аныкталбай калууда.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, калктын болжол менен 3,3%ы В гепатити менен жуктурган (болжол менен 231 миң адам). С гепатити 2,3% калкта, ал эми D гепатити 0,6% калкта аныкталат.

Адистин айтымында, вирустук гепатиттер көп учурда белгилерсиз өтөт, ошондуктан адамдар ооруп жатканын көпкө чейин билбей жүрүшү мүмкүн.

Нурматов ошондой эле бул оорунун жайылуусу көбүнчө чоңдор арасында жогору экенин белгиледи. Айрыкча В гепатити 30–39 жаштагы адамдарда (болжол менен 6,3%) жана 40–49 жаштагыларда (4,3%) көбүрөөк кездешет. Балдардын арасында жуктуруп алуу деңгээли кыйла төмөн.

Теги: гепатит
Scroll to Top