Эрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмаштыКазакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдаштыУлуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды
Баткенде эркек киши мурдагы жубайынын үйүнөн уурулук кылууга шектелип кармалды
18.03.2026 | 09:41

Раззаков шаарынын 27 жаштагы тургуну ажырашып кеткен аялынын үйүнөн алтын жана акча уурдоого шектелип кармалды.
Баткен облустук милициясынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айында аталган жаран Б.А. Сүлүктү шаарында жашаган мурдагы жубайынын үйүнө баласын көрүү максатында барган. Ошол учурда ал үйдөн алтын буюмду жана накталай акчаны уурдап кеткен. Жабырлануучуга келтирилген материалдык зыян 160 миң сомду түздү.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) боюнча катталып, тергөө иштери башталган. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар