Казакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Казакстандын парламентинин Мажилиси Шериктештик мейкиндигинде радиациялык абал тууралуу маалымат алмашуунун бирдиктүү тутумунун негизин түзүүчү документти жактырды. Кеп мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда пландык тартипте, ошондой эле радиоактивдүү заттардын чек ара аралык ташылышына байланыштуу өзгөчө кырдаалдар учурунда үзгүлтүксүз маалымдоо жөнүндө болуп жатат.
КМШга мүчө мамлекеттердин радиациялык абалга мониторинг жүргүзүү маалыматтары менен алмашуудагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууга 2023-жылдын июнь айында Сочи шаарында кол коюлган. Эми Казакстан аны күчүнө киргизүү боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аяктоодо. Документ улуттук компетенттүү органдарды радиациялык фондун учурдагы абалы жана анын өзгөрүшү тууралуу актуалдуу маалыматтарды берүүгө милдеттендирет. Ошондой эле радиоактивдүү заттардын чек ара аркылуу өтүү коркунучу же фактысы болгон учурда (эгерде бул жагдай үчүнчү өлкөлөрдүн аймагына тийиштүү болсо дагы) өнөктөштөргө ыкчам тартипте билдирүү жөнөтүү милдети жүктөлөт.
Учурда макулдашууну ишке ашыруунун алкагында маалымат алмашуунун бирдиктүү тартиби иштелип чыгууда, ал Шериктештиктин бардык катышуучулары үчүн жол-жоболорду бирдейлештирет (унификациялайт). Түзүлүп жаткан тутум радиациялык коркунучтарга чара көрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана аймактагы экологиялык коопсуздук боюнча маалыматтардын ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган.