Жогорку Кеңеште депутаттардын сүйлөөлөрүн спикер менен макулдашуу талабы киргизилди

19.03.2026 | 11:07

Бүгүнтөн тарта Кыргызстан парламентинде жаңы талап күчүнө кирди: депутаттар трибунадан сүйлөөр алдында теманы гана эмес, сөзүнүн мазмунун да алдын ала спикер менен макулдашууга милдеттүү.

Бул тууралуу кечээ төрага Марлен Маматалиев билдирип, эми трибунадан депутаттык топтордун лидерлери же алардын макулдугун алган депутаттар гана сүйлөй аларын айтты. Мындан тышкары, сөздүн тексти да алдын ала сунушталышы керек.

Жаңы тартип тууралуу спикер бүгүнкү жыйында дагы эскертти. Анда «Элдик» депутаттык тобунун лидери Улан Примов депутат Болот Сагынаевге сөз берүү үчүн убакыт сураган. Маматалиев сөздүн мазмуну алдын ала макулдашылганын белгилеп, ага сөз берүүгө даяр экенин айтып, көтөрүлө турган маселенин маанилүүлүгүн да баса белгиледи.

Мындай тартипти киргизүү чечими кечээ депутат Эрулан Кокулов парламенттин трибунасынан журналисттерди кайрадан сынга алган билдирүүсүнөн кийин кабыл алынган. Андан соң депутаттар Акылбек Тумонбаев менен Эльвира Сурабалдиева трибунаны жеке маселелерди талкуулоо үчүн колдонууга жол бербөөгө чакырышты.

Scroll to Top